ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Мындан 9 жыл мурун "Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, рэп ырчысы Ратмир Шишков каза тапкан

Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы 22-мартта "Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, “Банда” тобунун солисти, орусиялык рэп ырчысы Ратмир Шишков каза тапкан. 26-март күнү Ратмир Шишковду жакындары келбес сапарга узатышкан. Маркум менен коштошкону “Жылдыздар фабрикасы-4” долбоорунун бардык катышуучулары менен бирге долбоордун продюсери Игорь Крутой да келген.

Ратмир Шишков Мерседес унаасында достору менен келе жатып Фольксваген менен кагылышууга учураган. Катуу кагылышуудан улам Мерседестин Ратмир отурган тарабындагы бензин куюлган багы жарылып, машина толугу менен күйүп кеткен. Кырсык болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин гана каза тапкандардын арасында Ратмир Шишковдун бар экени такталган.

22-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан