Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы 23-мартта “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси, атактуу актриса Элизабет Тейлор каза болгон. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөт кеч башталган. Тирүү кезинде Элизабеттин бардык жерге 15 мүнөт кечигип баруу адаты болгон, андыктан маркум менен коштошууну да кечиктирип баштоону керээз кылып айтып кеткен. Акыркы керээзинде ал жөөттөрдүн диний жөрөлгөсү менен жерге берүүнү жана эстелигине "Жашоонун ар бир көз ирмеми үчүн рахмат!" деген сөздү жазып коюуну өтүнгөн.
Англо-америкалык актриса Элизабет Тейлор Розмонд 1932-жылы 27-февралда Лондон шаарында туулган. Болочок жылдыз Элизабет Тейлордун ата-энеси америкалык мигранттар эле. Атасы Френсис живопись жана скульптураларды алып сатуучу (арт-дилер), энеси Сара актриса болгон. Атасы Лондондо музей ачууну, сүрөттөрүн сатууну көздөгөндүктөн, үй-бүлө Америкадан Лондонго көчүп келет. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен алар кайрадан өз мекенине кетүүгө мажбур болушат.
Үй-бүлөнүн досу Элизабеттин актрисалык талантын байкап, аны 9 жашынан кино дүйнөсүнө алып келет. Тейлор өмүрүндө 69 тасмада роль жаратып, үч жолу "Оскар" сыйлыгын алган. Актрисанын жылдызы 1950-1960-жылдары өзгөчө жанган. 1961-жылы Египет ханышасы Клеопатранын ролун жаратып, дүйнөлүк атактуулукту багынткан. Ал кино тарыхында гонорары миллион долларды чапчыган алгачкы актриса катары калган. Элизабет Тейлор тартылган тасмалар: "Клеопатра" (1963), "Баттерфилд 8", (1960-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Виржиния Вульфтан ким коркот?" (1966-жыл. "Оскар" сыйлыгын алган тасма), "Айвенго" (1952), "Бум" (1968), "Сандпайлер" (1965), "Элизабет Тейлор Лондондо" (1963) ж.б.
Акыркы жылдары актрисанын жашоосу тынч агымга түшкөн. Мисалы, 2003-жылы Улуттук
киноакадемиянын жыл сайын тапшырылчу 75-аземине келүүдөн баш тарткан. Баш айланткан атактуулук актрисага пайдасынан залалын көп тийгизген. Учурунда ичкиликке берилип, баңгизат да колдонгону анын ден соолугун жабыркаткан. Жүрөгүнө бир нече жолу операция жасалып, тери рагынан жабыркаган. Эки бутуна жасалма муундар коюлуп, акыркы күндөрү коомчулукка майыптардын арабасында отуруп калган калыбында чыгууга мажбур болгон.
23-марттын жылнаамасы.