"Кинозал" бөлүмү белгилүү мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаковдун өмүр бейнесине арналып тартылган тарыхый, биографиялык "Раззаков" тасмасы менен толукталды. Режиссёру - Алим Токторов. Анда баш каармандардын образдарын Алим Токторов, Гоча Бекаури, Алымкул Исаков, Бекболсун Рахманкулов өңдүү актёр-актрисалар жаратышкан.
Фильмдин автору, режиссёру, продюсери жана башкы каармандын ролун аткарган Алим Токторовдун айтымында, Исхак Раззаков жөнүндө тасманы тартуу идеясы 5 жыл мурун жаралып, ал эми аны ишке ашырууга 3,5 жылдык эмгек жумшалган.
"Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Иосиф Сталиндин ролуна татыктуу актёрду издөөдө бир топ кыйынчылыктар болгон. Грузияга барып актёрлорду издегенбиз. Жыйынтыгында Сталиндин ролун кыргыз жериндеги Грузиянын диаспорасынын башчысы Гоча Бекаури аткарды. Мындан тышкары тасма тарыхый болгондуктан, советтик унааларды, кийимдерди табуу оор болду",- деп бизге берген
маектеринде билдирген эле.
Тасма Сталиндин кадры аталган Исхак Раззаковдун 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жогорку кызматтарында иштеген учуларындагы айрым тарыхый олуттуу окуяларды сүрөттөйт. Сталин менен болгон жолугушуулары, ошол кездеги жогорку кызматтарда иштеген инсандардын образдары, бала чагы, аялы Рауза менен болгон күтүлбөгөн окуя, каршылаштарынын аны кызматтан кетирүүгө болгон аракеттери жана ошол жылдарга мүнөздүү болгон буюм-тайым, унаалардын фильмде көбүрөөк тартылышы көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт.
Тасманы толугу менен бул жерден көрүңүз.