2007-2008-жылдары Урмат Усеновдун "Тажадым мен" деген ырын кайсы жерге барба, угууга мүмкүн болчу. Дайыма башкалардан өзгөчө чыгарма жаратууга аракеттенген ырчы бул клипти да кызыктуу тартууга болгон аракетин жумшаган. Анда сүйүктүү адамдын күтүлбөгөн учурда кыянат кылуусу тууралуу баяндалат.
Аталган ырга тартылган клип тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клип 2007-жылы тартылган. Ошол жылдары абдан популярдуу болгон. Мага атактуулук алып келген ырлардын бири деп айта алам".
"Медиа-порталдагы" "Тажадым мен" клибин бул жерден көрүңүз.