Бүгүн мектептердин арасында өтүүчү театралдык фестивалдын үчүнчү айлампасы башталат

Бүгүн, 23-мартта Тарых жана маданият жылына карата Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин арасында өтүүчү театралдык фестиваль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

"Фестиваль 3 айлампа менен өткөрүлүүдө. Биринчи айлампаны райондордо 2016-жылдын 25-январына чейин райондук билим берүү жана маданият бөлүмдөрү биргелешип бекиткен уюштуруу комитети өткөргөн. Ар бир райондон эң мыкты деп табылган бирден спектакль экинчи айлампага жолдомо алган. Экинчи айлампа облустарда, Ош жана Бишкек шаарларында 2016-жылдын 25-февралына чейин өткөн. Экинчи турдан эң мыкты деп тандалган бирден спектакль үчүнчү турга жолдомо алган. Үчүнчү айлампа 23-мартта башталат",- деп айтылат маалыматта.

Театралдык фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mr.kyrgyz
2016-03-23 10:56:16
Саламатсыздарбы админ.. кечээ болуп откон ОДКБ жыйыны жонундо эч бир жанылык окуй албадым. Кабардар кылсаныздар жакшы болмок. Рахмат
0
admin_portal
2016-03-23 11:42:40
mr.kyrgyz, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/142584/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан