Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында комедиялык жанрдагы "ЖинМэн" аттуу тасманын бет ачары болуп өттү. Зал толо эл келип, тасманын ар бир мүнөтү күлкү менен коштолуп жатты.
Тасмада эрке чоңойгон байдын уулу тууралуу баяндалат. Акча менен баарын бүтүрсө болот деген ал жакындарын капа кылып, балдарды уруп-сабап, жадакалса Кудай жок дегенге чейин барат. Бир күнү баланы эсине келтирүү үчүн жин пайда болот. Эрке бала 5 сааттын ичинде жашоодогу кыйынчылыктарды, кызыктуу окуяларды башынан өткөрөт. Адамдын жини же шайтан канчалык деңгээлде жашоого таасир этет? Кудай жок деген каарман кандай окуяга туш болот? Ушул жана башка суроолорго терең маанилүү "ЖинМэн" тасмасынан жооп табууга болот.