Кыргыз жергесинде 2016-жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук мааракелерге арналган көчмө сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти.
Көргөзмө республиканын бардык аймактарындагы китепканаларда боло тургандыктан, аны бардык жарандар көрө алышат. Экспозициянын алкагында кыргыз элинин маданияты жана тарыхы тууралуу сүрөттөр, тарыхый документтер көрсөтүлөт. Көргөзмөнүн негизги максаты сүрөттөргө жана документтерге түшүрүлгөн өзгөчө окуялар аркылуу жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоо болуп эсептелет. Учурда экспозициянын негизи боло турган материалдар дайындалууда. Көчмө көргөзмө 1-апрелде Токтогулда башталып, 14-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аяктайт.