Кыргыз тасмаларынын катарын толуктаган "Көк жал" тасмасы 2014-жылы тартылган. Жанры - криминал, драма. Режиссёру - Асема Токтобекова. Тасмада Асема Токтобекова, Азат Кусеинов, Муслум Демиржан жана башкалар роль жаратышкан.
"Тасма адамдардын түрдүү тагдырларын чагылдырат. Өзүм кайрымдуулук иштерине катышып жүрүп көйгөйлүү көп адамдарга жолуктум. Кинодо жашоодогу түрдүү маселелерди чагылдырууга бел байлаган элем. Турмуштагы түйшүктүү маселенин дээрлик баары акчага барып такалат экен. Кароосуз балдар, аялдардын тагдыры, акча, баңгизат, айтор, бул фильмде баары бар. Анан көрүп отурган адам сөзсүз түрдө өзүн же таанышынын тагдырын көрсө дегем. Максатыма жеттим деп ойлойм",- деп билдирген бизге берген
маектеринин биринде.