КИНОЗАЛ: "Браво!" тасмасындагы дебюттук ролунда Нурлан Насип өзүнүн образын жараткан

"Медиа-порталдагы" комедиялык жанрдагы тасмалардын бири - "Браво!" тасмасы. Бул тасмада Нурлан Насиптин ырчылык жашоосундагы басып өткөн жолу баяндалып, анда ал баш каармандын, тагыраак айтканда, өзүнүн образын жараткан. Ошондой эле "тамашоучу" Кубанычбек Курманбеков жана Аида Чоткараева да роль жаратышкан. Режиссёрлору - Нурлан Мамакеев, Самат Эркинбеков.

Ал эми тасма жарыкка чыккандан кийин көпчүлүк "Кү-үн ысыккы" деп ырдап калганы тууралуу Кубанычбек Курманбеков: "Негизи, "Күн ысык" деген ыр сценарийде жок болчу. Мурда ушинтип ырдай берчүмүн. Кинонун 4-5 жеринде жөн эле ырдап койгом, анан монтаждап жатып кино тартуучу топ кошуп койду",- деп бизге берген маектеринде билдирген эле.

Бул кинокомедия жаш ырчы Нурлан Насипти шоу-бизнесте белгилүү кылам деп жүргөн демилгелүү продюсер жөнүндө. Продюсер Нурланды, анын чыгармачылыгын элге кеңири жайылтып-даңазалап жүрүп, жыйынтыгында аны жылдыз кылат. Ошол эле убакта алар ар түрдүү көйгөйлөргө туш болушат. Соңунда баш каарман чыныгы сүйүүсүн табат.

Тасманы толугу менен бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан