"Медиа-порталдагы" көп угулган, көп көрүлгөн популярдуу клиптердин бири - Данияр Эрматовдун "Кечир мени" ырына тартылган клиби. Бул ыр ырчынын жашоосунда сюрприз болгонун, кайсы жерге барбасын ушул ырды суранышып, эл кошулуп ырдап калганын айтат ырчы.
"Улан Сатыбалдиев деген жигит "Ушул ырды ырдап көрбөйсүңбү?" деп сунуштай берчү, бирок мен ага көңүл бурбай жүрө бергем. Бир күнү байкасам, маанилүү ыр экен. Анан ырдап көрүүнү чечтим. Ыр жазылып, радиолорго берилип баштагандан кийин эл аябай жакшы кабыл алды. Ырга татыктуу болсун деп 2 айда клип тартып бүттүк. Режиссёру - Эрнист Сыдыков. Клипти тартууда бир топ кызыктар болгон. Жаш балдар менен иштешүү кыйын экен. Алар образга кирип кетишкенби, айтор, чындап эле урушуп кетишкен. Башкы каармандын бети помада болгон учур бар эмеспи, кыз өпкөндөй кылалы десек, кыздар жок. Акыры бир баланын оозун помада менен боёп, тигинин бетин өптүргөнбүз".
Клипти толугу менен бул жерден көрүңүз.
Клипти тартуудагы кызыктар мында.