ЖЫЛНААМА, 24-МАРТ: Мындан 16 жыл мурун актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов каза болгон

Мындан 16 жыл мурун, 2000-жылы 24-мартта актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов 68 жаш курагында каза болгон.

Советбек Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол) педагогикалык окуу жайын, А.Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театралдык институтун бүтүргөн.
1953-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти болуп иштеп келген. Ал каармандардын ички сырын, социалдык маңызын ачып, жекече мүнөз таба билген актёр. С.Жумадылов өмүрүндө өтө көп ролдорду аткарган. Кинофильмдерде да эң сонун образдарды түзгөн. Ал 1991-жылга чейин театрда 70ке, кинофильмдерде 50гө жакын ролдорду аткарган. М.Рыскулов атындагы Республикалык сыйлыктын ээси, ошондой эле медалдар, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
24-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2016-03-24 15:33:26
Кайран залкар... Мен ушундай таланттуу, керемет актёрду азыркылардан көрө элекмин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан