Ата-эненин балага болгон сүйүүсү "Медиа-портал" бөлүмүндөгү клиптердин биринде чагылдырылат. Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" ырына тартылган клип кызын турмуш жолуна аттантып жаткан ата-энелерге арналат. Анда кызынын кичинекей кезинен чоңойгонго чейинки мезгили атасынын көз алдынан өтөрү сүрөттөлөт.
"Бул клипте башкы каармандын ролун белгилүү актёр Марат Козукеев аткарды. Клиптеги кичинекей кыздын ролун менин кызым Даткайым ойногон. Ал эми турмушка чыгып жаткан келинчектин образын Назбийке аттуу карындаш аткарды",- деп ырчы клиптин бет ачарында билдирген эле.
Ырчынын "Аруу кызым" ырына тартылган клипти бул жактан көрсөңүз болот.