Лондон шаарынын так ортосунда британиялык фермерлердин өзгөчө митинги болуп өттү. Алар айыл чарба тармагындагы мамлекеттик саясатка каршы митингге уй, койлорду алып келишип, алар менен шаардын көчөлөрүн кыдырып, жөө жүрүш уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жергиликтүү тургундар мындай жол менен Британия бийлигин айыл чарба тармагына көңүл бурдурууну көздөшкөн. Алардын айтымында, көптөгөн өндүрүүчүлөр оор финансылык абалга кабылышкан.
Фермерлердин негизги көйгөйлөрү деп дүңүнөн сатып алуудагы баалардын кескин төмөндөшү, сатуу түйүндөрүнөн көз каранды кылган келишимдердин түзүлүшү жана чет элдик базарларга азык-түлүктөрдү сатуудагы чектөөлөр айтылган.