Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 24-мартта "Ашыктык асманында" тасмасынан соң таанылган испаниялык актриса Мария Вальверде Мадрид шаарындагы Карабанчель районунда чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үй-бүлөсүндөгү дээрлик бардык адамдардын искусство менен байланышы болгон. Алсак: атасы - сүрөтчү, апасы кесиби боюнча скульптор, бирок мээрман айым болуп иштесе, чоң атасы театрдын директору болгон.
Мария кичинесинен фильмдерди көргөндү жактырчу. Өзүнүн сүйүктүү актрисаларын көргөн сайын актриса болуп, алар сыяктуу таанымал болууну самаган. Анын кыялы 10 жашында аткарылып, ал спектаклде өзүнүн биринчи ролун жараткан. Ал эми тасма талаасындагы карьерасы 2003-жылы башталып, эң алгач "Большевиктин алсыздыгы" тасмасында дебюттук ролун жараткан. Мария бул фильмде жараткан ролу үчүн 2004-жылы мыкты жаш актриса катарында "Гойя" сыйлыгына ээ болгон.
24-марттын жылнаамасы.