Тарых жана маданият жылынын алкагында Бишкек шаарында IV Эл аралык балет искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча дирекциянын башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрында 15-21-май күндөрү өтүп, СССРдин Эл артисти, кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын элесине арналат. Бул жылы ал 90 жашка чыкмак.
Фестивалга орус балетинин жылдыздары, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын алдынкы солисттери катышышат. Маданий иш-чарада дүйнөлүк балет классикалары, мыкты жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү болгон чет элдик чыгармалар тартууланмакчы. Фестиваль 15-майда Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев, Владимир Ференин "Айчүрөк" операсы менен ачылат. Башка күндөрү Адольф Адандын "Жизель", Пётр Чайковскийдин "Ак куу көлү" опералары көрсөтүлүп, 21-майда чоң концерт менен аяктайт.