Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы К.Чодошев атындагы орто мектеп начар абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, мектептин тышкы абалы канааттандырарлык, бирок пайдубалы жыл сайын жерге чөгүп, ным болгондуктан, полу чирип жатат. "Тиешелүү органдар мектептин тышын гана көрүшөт да, ичинен кабар алышпайт. 2 жыл мурун оңдоого деп акча чогултушкан, бирок эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Ар бир окуучудан 80 сомдон алынган. Бул мектепте 500дөн ашык окуучу окуйт. Суубуз да жок. Кол жууганга шарт түзүлгөн эмес. Жылыткычтарыбыз кышкысын иштебейт",- дейт нааразы болгон окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.