"Евровидение-2016" сынагында Беларусь ырчысы сахнага энеден туума жылаңач чыкмай болууда (фото)

Беларусь өлкөсүнүн атынан катышып жаткан 21 жаштагы ырчы Ivan (Александр Иванов) "Евровидение-2016" музыкалык сынагына энеден туума жылаңач чыгып, дүйнөдөгү бардык көрүүчүлөрдү таң калтырууга даярданууда. Ошондой эле ал өзү менен кошо сахнага эки карышкырды алып чыгат. Бул тууралуу ырчынын расмий баракчасына жазылган.

Ырчынын продюсери Виктор Дробыштын айтымында, учурда сынактын уюштуруучулары менен сахнага жаныбарларды алып чыгууга уруксат алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Макулдук алуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын айткан.

"Ооба, Иван сахнага 2 карышкырдын коштоосунда жылаңач чыгат. Негизи эле ар бир адам өзүн кайсы бир жандыкка окшоштурат. Кээде биз ал окшоштукту басып салабыз, бирок ар бир эле адам өзүндөгү жандык менен бетме-бет жолуга бербейт. Ивандын бул номери аркылуу биз адам менен жаратылыштын ортосундагы тыгыз байланышты берүүнү чечтик",- деп билдирген продюсер.

"Евровидениеге" жылаңач чыкмай болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (69)
Creig
2016-03-25 19:35:41
Тообо кылдым.Жок легенде индеецтерге же Африканын чет жагында сабатсыз африканецтерге окшоп алдынкы авратын жаап албайбы.
0
RingoStarr
2016-03-25 20:47:19
Универ сериалындыгы Самбурскаянын жигити) бул да жаратылышты коргойлу деген мааниде
болсо керек да таланттуу жигит )))
-3
Marat-m
2016-03-25 22:10:01
Ой тообо кырынып чыкса дагы башкача корунот
кырынбай чыкса даагы башкача корунот
менимче эч кимге жакпайт го бул кылыгы
0
football1
2016-03-25 22:16:44
Кызды чыгарышканда болмок (ха ха)
0
Meer
2016-03-25 22:44:04
Эмне бул конкурста сахна адеби жокпу! Кыргызстан туз алып берип корсотчу эле жылда. Биздин менталитетке, адеп-ахлакка туура келбеген мындай конкурстун кыргыз телевидениесинен корсотулушуно каршымын!
+1
Asyl.jazi
2016-03-25 23:25:49
Араб, араб эле дегендер кайда? Мына батыш эмнелерди жасап жатканын коргуло. Эми туурагыла муну дагы
0
KursKG
2016-03-25 23:25:56
Жиндиго
0
belka
2016-03-25 23:39:54
Орус оюндагысын кылат деген ушул экен да,конулду айланткан акмак... Карышкырга окшотуп денесин боётуп уят жерин байкатпай чыкса керек.
0
belka
2016-03-25 23:40:48
Иий бетим... Суротун корбой эле макаланы окуп эзип коммент жазып койгон турбайынбы...
0
Isa2014
2016-03-26 05:10:02
Ортонку ХХХ ХХХ ХХХ Корот элем ошондо кийин кантип ырдашын
0
admin_portal
2016-03-28 17:53:42
Isa2014, этика нормаларын сактаңыз!
0
adyl.por
2016-03-26 10:47:03
ырдап жатып жакшынакай күйөрман кыздарды көрүп калса уят эле болотка беркиси зыңкыйып
0
AiNuR_777
2016-03-26 14:24:20
Ошентип чыккыча асынып албайсынбы жинди.
0
Ali-han
2016-03-26 18:03:23
Жакшы эмес го жыланач чыгып ырдаса. Биринчи орунду алса керек жыланач баатыр
0
syd.adilet
2016-03-26 20:39:05
Кудай сакта бул отто жаман корунуш .
0
isa-80-80
2016-03-27 07:25:47
Чыкпай ол, Ааламды ушундайлар булгап жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан