Орусиянын Красноярск крайынын Норильск шаарында 23-мартта башталган катуу шамалдын айынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу окурман бүгүн, 25-мартта WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге чейин жетип, бир канча көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары кыйрады. Жергиликтүү маалыматтарда 3 адам каза болгону айтылып жатат, алардын арасында кыргыз жарандары жок. Азырынча так маалымат бериле элек. Бүгүн шамал бир аз тынчып калды.
Кошумчалай кетсем, бул жакта кыргыздар көбөйүп калды, жакында "Кыргыз биримдиги" деген уюм ачканы жатабыз",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.