Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чалдыбар айылында таза суу көйгөйү ушул убакка чейин чечилбей келет. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Айылда 30дай түтүн бар. Сүрөттөгү арыктан 15тей түтүн суу ичүүгө аргасыз. Калганы да ушуга окшогон дагы бир арыктан суу алат. Кыскасын айтканда, таза суу айылыбызга келбейт. Айылыбыз Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө карайт. Кызыл-Өзгөрүш бизден 5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Арыкты жыл сайын жазында чабабыз, бирок бир айдан кийин эле бака толуп, чылага айланат",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.