ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Бүгүн "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева туулган күнүн достору менен белгилейт
Бүгүн, 26-мартта "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева туулган күнүн белгилейт. Кыргыздын таланттуу сулуу кызы жаш экенине карабай көп ийгиликтерге жетишкен. Чет өлкөдөгү белгилүү журналдардын жүзү болуп, окуу, карьераны бирге алып кетүүгө жетишкен Жамиля Ишенбаева бүгүн 22 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап, сулуу менен байланыштык.
"Туулган күндү майрамдоо түндө эле башталган. Достор арасында кимдин туулган күнү болсо, түндө барып куттуктап келмей салтыбыз бар. Бул ирет менин туулган күнүмө чогулдук, караокеге барып ырдап, майрамдап келдик. Азыр үйгө туугандар келишмек. Алар менен туулган күн тосом. Кечинде курбулар менен чогулуп, өздүк майрамды белгилейбиз",- деп билдирди.
Эске салсак, “Супер сулуу” сынагы кайрадан старт алды. Кыштын ызгаардуу күндөрүндө экзотикалуу Бали аралына барып эстен кеткис күндөрдү өткөрүүнү каалайсызбы? Анда шашылыңыз. Толук маалыматты бул жерден алыңыз.
26-марттын жылнаамасы.