ЖЫЛНААМА, 26-МАРТ: Мындан 59 жыл мурун "Бешкемпир", "Свет аке" тасмаларынын жаратуучусу, режиссёр Актан Арым Кубат туулган

Мындан 59 жыл мурун, 1957-жылы 26-мартта Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуттук киноакадемиянын академиги жана Эл артисти, Европа киноискусство академиясынын чыныгы мүчөсү, режиссёр Актан Арым Кубат Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Күн-Туу айылында туулган.

Актан Арым Кубат 1976-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Андан соң "Кыргыз фильм" киностудиясында сүрөтчү, режиссёр болуп иштеген. 1998-жылы өзүнүн "Бешкемпир" аттуу студиясын түзүп, 2000-жылы "Ой-Арт" студиясынын арт-директору болот. Актан Арым Кубат коомдук иштерге да активдүү катышып, киноискусство жаатында "Кыргызстандын кинематографиясы - 2010" деп аталган стратегиянын авторлорунун бири болгон.

Актан Арым Кубаттын даректүү, көркөм тасмалары, алган сыйлыктары:

- "Жолбун ит" (1990-жыл, Баку, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси)

- "Үйүң кайда, үлүл?" (1992-жыл, Ашхабад, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун байгеси)

- "Селкинчек" (1993-жыл, Локарно, Эл аралык кинофестивалдын кыска метраждуу фильмдердин секциясындагы биринчи сыйлык; Турин, ФИПРЕССИ Эл аралык киножурналисттер тобунун атайын байгеси; Подстам, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси).

- "Ырыс алды - ынтымак" - социалдык жарнама (1995-жыл, Москва, Эл аралык фестивалдын баш байгеси; Канн, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Күмүш оюу" сыйлыгы ).

- "Алакандай элбиз, ынтымактуу бололу" (Москва, Эл аралык жарнама-фестивалынын "Социалдык жарнама" номинациясынын биринчи сыйлыгы).

- "Асан-Үсөн" (1997-жыл, Сиена, Эл аралык кинофестивалда кыска метраждуу фильмдердин баш байгеси; Чикаго, Балдар фильмдеринин эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун байгеси).

- "Бешкемпир" (1998-жыл, Локарно, Эл аралык кинофестиваль, "Күмүш кабылан"; Алматы, "Евразия" Эл аралык кинофестивалынын баш байгеси; Вена, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөр менен калыстар тобунун сыйлыгы; Токио, Эл аралык кинофестивалда Азия фильмдери боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анжей, көрүүчүлөрдүн жана Француз кинопродюсерлеринин ассоциациясынын сыйлыгы; Буэнос-Айрес, Эл аралык фестивалда калыстар тобунун "Артисттик салымы үчүн" сыйлыгы; Сингапур, Эл аралык кинофестивалда "Кинотасманын күмүш кутусу"; Любляна, Эл аралык кинофестивалда көрүүчүлөрдүн баш байгеси; Белград, Автордук фильмдердин эл аралык фестивалынын баш байгеси; Рига, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты режиссура үчүн" сыйлыгы).

- "Бекет" (2000-жыл, Анапа, Эл аралык фестивалдагы мыкты кыска метраждуу фильмдер боюнча калыстар тобунун сыйлыгы; Котбус, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун сыйлыгы).

- "Маймыл" (2001-жыл, Канн, Эл аралык кинофестивалда сынактан сырткары расмий "Өзгөчө көз караш" программасына катышуу; Ялта, Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси; Анапа, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты сценарий үчүн" сыйлыгы; Минск, Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунун "Мыкты режиссура үчүн" сыйлыгы; Португалия, Эл аралык "Фестройа" кинофестивалында калыстар тобунун "Күмүш дельфин" сыйлыгы; Братислава, Эл аралык кинофестивалдын кино сынчыларынын эл аралык калыстар тобунун сыйлыгы).

- "Свет аке" (2010-жыл, Канн, Эл аралык кинофестивалда сынактан сырткары расмий "Режиссёрлордун эки жумалыгы" программасына катышуу).

26-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан