ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: Мындан 29 жыл мурун орусиялык ырчы, актриса Полина Гагарина төрөлгөн

Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 27-мартта орусиялык ырчы, актриса, ырлардын автору Полина Гагарина Москва шаарында төрөлгөн. Ырчынын бала чагы Грецияда өткөн, себеби апасы Грециянын опера жана балет театрында бийчи болуп иштеген. Кийин чоң энесинин колуна, Саратовго келип, ошол жакта жашап, окуп калган. Чоң энеси алгач эле Полинаны музыкалык мектепке киргизген. Апасы Грециядагы театр менен болгон келишими аяктаганда Москвага көчүп келип, кызын өз колуна алган. Москвадан Полина 14 жашында музыкалык мектепти аяктап, музыкалык окуу жайына тапшырган. 2003-жылы 2-курста окуп жүргөн кезинде "Жылдыздар фабрикасы-2" теледолбооруна катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тартып Полина Гагарина чоң сахнага кадам таштап, белгилүү ырчыга айланган.

Полина Гагаринанын хитке айланган ырлары: "Колыбельная", "Я твоя", "Спектакль окончен", "Осколки" ж.б.

2015-жылы Полина Гагарина "Евровидение" Эл аралык сынагына Орусиянын атынан катышкан. Анда "A Million Voices" ("Миллион добуштар") аттуу чыгармасын аткарып, 2-орунду багындырган.

27-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kuma1987
2016-03-27 13:03:33
Жакшы ырдайт магат ырлары
0
kuma1987
2016-03-27 13:06:34
Жагат
0
Apyyke
2016-03-27 16:18:50
Фабоика звезддон улам жакшы билем.
0
Svoboda83
2016-03-27 16:47:12
Суйом озунда ырында Жан дуйносунда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан