Кыргыз жергесинин иллюзионисттери Болгариядагы "Таланттар шоусу" сынагында жакшы жетишкендиктерге ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта маалымат жыйынында иллюзионист Радислав Сафин менен Ольга Крамер билдирди. Сафиндин айтымында, аталган сынакка Борбордук Азиядан ушул жуптук тандалып алынган.
"Биз сынактын чейрек финалдык баскычына катыштык. Жарым финалга чыккан өнөр ээлеринин ысымдары 10-апрелде белгилүү болот. Биз калыстар тобунун сүймөнчүлүгүнө ээ болдук. Ошол себептүү жарым финалга чыктык деп ойлоп жатабыз. Жарым финалга 20 катышуучу чыгат экен. Ал эми байгелүү орундардын саны үчөө",- деди Сафин.
"Биз Болгарияга этникалык стилдеги номерди алып барып көрсөттүк. Кыргыз элинин оймолору түшүрүлгөн көйнөктөрдү кийип, боз үй менен чыктык. Болгария үчүн биз Камерун, Ливан сыяктуу экзотикалык өлкө болдук. Жыйынтыктар чыгарылгандан кийин жарым финал июнь айында өткөрүлөт",- дейт Крамер.