SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү жаңы клиптердин бири - ырчы Нэнанын "Көздөрүң" ырына тартылган клип. Режиссёру - Сүйүн Откеев. Клипте ырчыны жаңы образда, тагыраагы, япон маданиятындагы кыздардын образында көрүүгө болот.
"Чыгармачылыгыма быйыл 10 жылдын жүзү болот. Ал эми "Көздөрүӊ" ырына тартылган клип күйөрмандарыма сюрприз десем болот. Клип тартууда бул ирет күнүмдүк жашоодон алыстап, өзгөчө чыгарма жаратууга белсендик. Жаӊычылдык болуш үчүн кайсы бир улуттун маданиятын көрсөтөлү деп түрдүү образдардын арасынан япон кызынын образына токтодук, себеби япон эли менен кыргыз эли окшош. Андыктан япон маданиятына ылайыкташтырып 3 образды көрсөттүк. Биринчиси япон аниме мультфильминдеги кыздын образы, экинчиси сулуулуктун, назиктиктин белгиси болгон гейшанын, ал эми үчүнчүсүндө япондордун көчөдө жүргөн кийинүү стилин (стритстайл) берүүгө аракет кылдык. Япониядагы жаштардын кийинүү стили кадимки маскарапоздорду элестетет. Биз аны өзүбүздүн менталитетке ылайыкташтырдык. Ошондой эле клип 3D график түрүндө жасалгандыктан, клипти тартууда, монтаждоодо көп эле каражат сарпталып, убакытты талап кылды. Албетте, ар кимдин ою ар кандай. Клип аркылуу жаз, жаӊылануу мезгилинде элге жагымдуу, кандайдыр бир жаӊычылдык жарата алдык деп ойлойм",- дейт Нэна.
Нэнанын "Көздөрүӊ" ырына тартылган клипти толугу менен бул жерден көрүӊүз.