2006-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "Атага кат" ыры "2006-жылдын супер ыры" наамына ээ болгон. Ошол жылдары ыр кыргыз жеринде эле эмес, чет жерде жүргөн мекендештер арасында да абдан популярдуу болгон. Атанын тагдыры, ага болгон сагыныч чагылдырылган клип тууралуу ырчы Артык Саитов буларга токтолду:
"Бул ыр аталар оорубасын деген жакшы ниетте жазылган болчу. Бирок ага клип тартууда башка бирөөлөрдүн сунушу менен түрмөгө түшүп, атасынын кадырына жеткен уул жөнүндө кайгылуу клип тартылып калды. "Арноо концерти" программасын алып барган Гүлшан Молдоева бир күнү чакырып алып, "Ыр аябай жакшы жазылган, бирок клип кайгылуу. Кубанычтуу майрамды белгилеп жаткан көрүүчүлөргө мындай клипти кайра-кайра көрсөтө албайбыз. Атаны барктаган клип тартсаңар жакшы болмок" деген кеңешин берген.
Ыр чыккан убакта атам ооруп жүргөн эле. Кийин көзү өтүп кетти. Сапар Эркебаев менен иштешпей калгандан кийин радиолордон да бул ыр көп кетпей калды. Андыктан "Атага кат" ырын кайра жазып, башкача, аталарга ыраазычылык билдирген клип тартсамбы деп турам. Буюрса, аракеттер башталды. Эл ыйлабай турган, ыйласа да кубанычтан, сагынуудан ыйлаган клип тартабыз".
"Атага кат" ырына тартылган клипти толугу менен бул жактан көрсөңүз болот.