Бүгүн, 28-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда куудул Борончу Кудайбергеновдун "Борончу 50 жашта" аттуу концерти өтүп жатат. Ага куудулдун сахналаш ага-достору Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Жамбыл Камчыев, Кубик Калыков, бий топтору жана башкалар катышууда.
Концертти Нурмат Садыровдун "Торгоюм" ырына чимириле бийлеген бий тобу ачты. Ал эми куудулду куттуктап келгендердин бири Абдылда Иманкулов: "Борончу менен таанышканыма 25 жылдан ашты. Ошол убакыттан бери чыгармачылыктын казанында кайнап келе жатабыз. Буюрса, 80, 90 жылдыкты да бирге өткөрөлү. Менин 90 жылдыгымда Борончу, Борончунун 90 жылдыгында мен болоюн. Рахман менен Жамбыл ошол убакта болобу, билбейм",- деп тамашалап, Борончу Кудайбергеновдун концертине ийгилик каалады.