Бүгүн, 28-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында куудул Борончу Кудайбергеновдун 50 жашка чыгышына жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына байланыштуу "Борончу 50 жашта" аттуу жеке отчёттук концерти өттү. Анда куудул жаңы тамашаларын айтып, элди бирде ыйлатып, бирде күлдүрүп жатты. Куудулду 50 жылдыгы менен куттуктап келишкен сахналаш ага-достору каалоо-тилектерин айтып жатышты.
"Көп нерсени айталы дейбиз, бирок рамканын ичиндебиз",- деген куудул Рахман Разыков Борончуга сахнада "Кыргыз Эл артисти" деген наам тапшырды. Бирок кайра: "Президент кол коё элек, сен ансыз деле элдин уулусуң. Көрсө, наам берген оңой эле турбайбы. Бир даана кагаз кетет экен",- деп куудулдун колунан баракчаны алып Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тийишип өттү. "Борончунун концертине келбейт элем, карызмын. Себеби менин да 50 жылдыгыма келген",- деген Жамбыл Камчыев Борончуга "Күлдүргүч" деген медаль такты.
Үй-бүлө, ата-эне, кайнене-келин, жаш-кары жана башка турмуштагы ачуу чындыктарды куудул юмор аркылуу берип жатты. Ата-эненин кадыр-баркы, мээрими тууралуу айтып, өз энесин, атасын эстеген Борончу Кудайбергенов: "Азыр ата-энем болгондо "ата, апа, мен 50гө толдум" деп беттеринен сүймөкмүн. Төргө отургузуп, сыйламакмын, бирок азыр алар жок. Ата-энени көзү барда сыйлайлы, унутта калтырбай жанында бололу, жок дегенде телефон чалып турууну унутпасак",- деп көзүнө жаш алды. Ошондой эле жубайына арнап "Жубайыма" деген ырын аткарды.
Бир да саясат тууралуу кеп козгобой, жалаң турмуштан алынган окуяларды айтып, ыр ырдаган Борончу Кудайбергеновдун концерти 2,5 саатка созулду. Эл суратпай дүркүрөтө кол чаап, бирде күлүп, бирде муңайып, концерт соңунда баары шаңдуу тарашты.