2-10-май аралыгында кыргыз жеринде балдардын Эл аралык тил жана маданият фестивалы өтөт. Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан салтанаттуу иш-чара Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болмокчу.
Фестивалга 25 мамлекеттен окуучулар келишет. Алардын катарында Орусия, Азербайжан, Марокко, АКШ, Филиппин, Ооганстан, Түштүк Африка Республикасы, Индия жана башка мамлекеттердин окуучулары да бар. Анда түрдүү улуттарга, мамлекеттерге таандык маданият көрсөтүлөт.
13 жыл бул фестиваль Түркияда уюштурулуп келсе, 2013-жылдан тарта башка мамлекеттерде өткөрүлө баштады. Эл аралык тил жана маданият фестивалы расмий жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен 2006-жылдан бери дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде уюштурулуп келет. Иш-чараны Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин демилгеси менен Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча дирекция өткөрүүдө.