Кыргыз жеринен барган чыгармачыл топ АКШда фестивалга катышууда (фото)

Ушул күндөрү АКШда түрк өлкөлөрүнөн келген чыгармачыл топтордун, артисттердин катышуусунда фестиваль өтүп жатат. Фестивалга кыргыз өлкөсүнөн барган ырчылар Сайра Момунбаева, Гүлнур Асанова, Гүлжигит Калыков жана бий топтору катышууда. Фестиваль 28-мартта Нью-Йорк шаарында уюштурулса, 1-апрелге чейин Вашингтондо уланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Гүлжигит Калыковдун менеджери Улук Сапаров билдирди.

Фестивалдын катышуучуларынын бири Гүлжигит Калыков: "Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы кеңсесинде 28-мартта чоң концерт-фестиваль ийгиликтүү болуп өттү. Келген коноктор, көрүүчүлөр концерт бүткөн соң 10-15 мүнөттөй туруп кол чаап жатышты. Ага кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Молдова, Башкыр Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген таланттар катышууда. 29-мартта Нью-Йорк шаарындагы Парк-авенюда концерт өттү. Кирүү акысыз болду",- деди.

Ырчы Гүлнур Асанова буларды кошумчалады: "20 жылдык тарыхы бар "Түрксой" уюму уюштурган фестивалга 6-7 жылдан бери катышып келем. Быйыл да активдүү катышуучулардын бири болдум. Нью-Йорк шаарындагы БУУнун кеңсесиндеги концертте атайын чакырылган коноктор гана болду. 3 сааттык даярдыктардан кийин фестиваль башталды. Профессионал музыканттардан чогулган оркестрлердин коштоосунда жандуу үн менен ырдадык. Кыргыз өлкөсүнүн атынан элдик ырларды тартууладык. Буюрса, 1-апрелде фестивалдын жабылыш аземи өтөт. Андан соң мекенибизге кайтабыз".

"Маш ботой" Бириккен Улуттар Уюмунда жаңырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан