Ырчы Омар менен Эрмек Нурбаев футболчуларды жандуу колдоо үчүн Тажикстанга жөнөштү, Урмат Усенов бошобой калганын айтты

Бүгүн, 29-мартта футбол боюнча улуттук курамабыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда акыркы беттешин өткөрөт. Мелдештин 10-турунда аларга тажик футболчулары каршы турушмакчы. Беттешке 19:00дө старт берилет.

Дүйшөмбү шаарында өтчү беттеште улуттук кураманы колдой турган жоон топ жок экени белгилүү. Ошентсе да 10дой унаа алмаштырып, 2 миң чакырымдай жол жүрүп Бишкектен Дүйшөмбүгө жеткен Эсеннур Алмазбеков аттуу күйөрманыбыз бар. Трибунада "Алга, Кыргызстан!" деп кыйкыра турган Эсеннур жалгыз эмес. Анын катарын ырчы Омар менен "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев толуктамакчы. Маданият өкүлдөрү улуттук кураманын Бишкекте өткөн оюндарына калтырбай келип турушат. Бул жолу алар колдоо керек болуп жатканын билип, четте карап турбастан Тажикстанга аттанышкан.

Дагы бир атактуу футбол сүйүүчүсү, улуттук курамага күйгөн күйөрмандардын бири Урмат Усеновго байланышып, эмне себептен Дүйшөмбү шаарына барбаганын сурадык. "Эрмек менен Омарга кошулуп футболчуларыбызды колдоп келгенге даяр болчумун. Бирок, тилекке каршы, жумуштарым чыгып калды. Баарыбыз кетип калсак болбойт го, бирөө мекенди карап калыш керек да (тамаша иретинде)",- деди Урмат мырза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Gema
2016-03-29 16:46:26
канчада башталат?
0
tashi62
2016-03-29 17:22:29
Gema балам жазылып туратго жогоруда 19:00дө башталат деп окуп койчу зээрикбей.
+3
Virus.
2016-03-29 17:46:46
tashi62,гема кыз болуш керек)))
-3
tashi62
2016-03-29 18:32:11
Virus.,эч нерсе болбойт жалпысынан айтыла берет .
+2
lolo.1
2016-03-29 17:30:12
Биз Москвадан деле колдоп турабыз))). Алга жигиттер! Алга Кыргызстан!
+5
Virus.
2016-03-29 17:45:39
Мени да жазып койгула бошобой калыптыр деп)))
+1
Toloykon
2016-03-29 21:07:41
Virus бошобой калды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан