Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган "Кекеч" тасмасы SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлдү. Мюзикл, драма жанрындагы тасманын режиссёру - Эрнест Абдыжапаров. Анда Нурак Өмүрбеков, Жаныш Майр, Рахат Божокоева, Алиман Дүйшеналиева, Айнура Чанчарбаева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Эрнест Абдыжапаров бизге берген маектеринин биринде: “Тасма аркылуу көрүүчүлөргө коомубуздагы орчундуу көйгөйлөрдү көрсөткүм келди. Эгемендүүлүк алган 24 жылдан бери биздин мамлекет дагы эле кекечтенип келе жатат. Азыр биз жашап жаткан коомдо гармония жок. Үй-бүлөдө да, мамлекетте да гармония болуш керек. Ошондо биз кекечтиктен арылабыз деген ойду берейин дедим”,- деп билдирген эле.
Тасмада балдар үйүнөн тарбияланып чыгышкан эки бир туугандын жашоосу баяндалат. Бакыт такси айдап жашоо менен күрөшсө, Нурак консерваторияда окуган кекеч жигит болот. Музыка жаатында билим алган Нурактын башына сүйүү келип, ага жетүүгө кекечтиги тоскоолдук жаратат. Фильмдин сюжети мындан ары өрчүп, каармандардын жашоосу жагымдуу бурулуш жасайт.
Тасманы бул жактан көрө аласыз.