ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: Мындан 48 жыл мурун канадалык ырчы Селин Дион туулган

Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы 30-мартта канадалык ырчы Селин Дион Канададагы Монреаль шаарында туулган. Ырчыга эң алгачкы атактуулук 1982-жылы "Yamaha" фестивалынан жеңгенден кийин келген. Ал эми 1988-жылы Селин Дион "Евровидение" сынагына Швейцариянын атынан катышып, баш байгеге ээ болгондо ырчыны дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү тааныган.

Жеймс Кэмерондун шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын саундтрегин Селин Дион аткарган. Анын аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган.

30-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан