ЭЛДИК КАБАР: Жергиликтүү тургун Алайдын Согонду айылындагы жер алдындагы өтмөктү оңдоону суранууда

Алай районунун Согонду айылындагы жер алдындагы өтмөк көп жылдардан бери кароосуз калды. Бул тууралуу 30-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан бул өтмөккө быйылкы Тарых жана маданият жылында тиешелүү жактар же айыл өкмөт башчысы көңүл буруп, оңдоп коюшса жакшы болот эле. Айылдагы окуучулардын көбү ушул жол менен мектепке барышат, аларга да коопсуз болмок",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Take_men
2016-03-30 13:01:36
Оо айылда да подземка бар экен
+6
aydarov...
2016-03-30 13:19:56
ХХХ себя
0
admin_portal
2016-03-30 13:38:21
aydarov..., коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
0
tashi62
2016-03-30 13:27:08
Болор болбос каражат кетет айылдын тургундары эле акча чогултуп оңдоп койсо болотго.
+1
aydarov...
2016-03-30 13:40:34
tashi62,шыпырып жууп койсо ой сонун болуп калат
+6
EdikoKG
2016-03-30 15:13:53
aydarov...,шыпырып, жууп койгудай ал жер кечээ эле ушундан акывалга келген жок да. Кайран Союз таркагандан бери. Капитальный ремонт керек.
-2
KyrgyzKagan
2016-03-30 13:42:45
Ошол жерде айыл башчы, же айыл окмоттун башчысы деген бар. Же ошол элдин активдуу жаштары эле биригип мусорун алып, дубалын 10 сомдук акиташ менен эле сырдап койсонор жакшынакай болуп калат менин кенешим. Окмоттун ал жерге колу жетпейт, колу жетседа ою жетпейт. Озу адамдар кайдыгер ошол жерди булгаган озунорсунорда, авариялык абалга жетип, жарака кетип, коркунуч жаратса анда окмоттон жардам сурасанар жарашмак. Ал жерге коп деле акча кетпейт, болгону орустар айтмакчы прямые и умелые руки нужны..
+5
EdikoKG
2016-03-30 13:55:27
Мен ушул айылдын тургунумун. Бул жер төлөө жыйырма жылдан ашуун ушундай акывалда. Эл өзү демилге көтөрүп, уюшумдуу болуп ушул ишти өздөрү колго алса, өкмөт мүчөлөрү да жардам беришмек. Негизгиси мектеп окуучуларына коопсуздук чарасы түзүлмок.
+1
abusait
2016-03-30 14:27:33
EdikoKG,Сен ошол жеердин тургуну болсон сен башташын керек. Ал жердин эл жерин жакшы билсен керек. Государство жасап берет деп ойлонбогула.
+1
EdikoKG
2016-03-30 15:09:56
abusait,буйруса мекенге кайтайын. Ушул демилгени көтөрүп чыгам)).
+5
Dinakg
2016-03-30 14:22:42
Ал жактын айыл окмоту мындай иштерге башы жетпейт,3 жылдан бери кресло кайтарып эле отурат.Эл озу демилге которуп жогорудагы форумчу айткандай ремонттобосонор бийликке ишенбей да койсонор болот.
+3
aipo89
2016-03-30 20:16:30
Биздин айыл...
0
soccer_boy95
2016-03-31 15:00:10
мындай кызыл коргоондо да бар эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан