МЕДИА-ПОРТАЛ: Аваз Акимовдун "Муйдусунан" ырынын клибинде жылдыздардын балдары роль жаратышкан

"Медиа-порталдагы" жаңы клиптердин бири - Аваз Акимовдун "Муйдусунан" ырына тартылган клип. Клипте ырчылар Акбар Сүйүнбаев, Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдыразаков, клипмейкер Эрнист Сыдыковдун балдары роль жаратышкан.

Аваз Акимов клип тартуудагы кызыктар тууралуу мындай дейт: "Клипке кыргыз шоу дүйнөсүндөгү агалардын балдарын тарталы деп ойлогонбуз. Бирок клипте Эрнисттин уулу камера менен иштейт, Ильяздын уулу аранжировщик, ал эми Акбар, Мирбек байкенин балдары достордун образын чагылдырышты. Ар бир жаш баланын өзүнчө мүнөзү болгондуктан, алар менен иштешүү оңой болгон жок. Мирбек Иманбековдун баласы аябай "шустрый" экен. 3 жашта экенине карабай улам кыздарга тийишип, аларга сүйүү тууралуу ырларды айтып, ролун ашыкча аткарып жатты. Акбар, Мирбек байкелер, Ильяз, Эрнист клип тартууда чоң жардам беришти. 1-2 мүнөттүк кадрларды тартуу үчүн эртеден кечке чейин жүргөн учурлар болду. Андыктан баарына ыраазычылык билдирем".

Аваз Акимовдун "Муйдусунан" ырына тартылган клипти толугу менен бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nuri2605
2016-03-31 08:08:15
Муйдуларынан )), чоон жигитттер болушсун!
0
Alixan-Nookat.2015
2016-03-31 08:08:23
Жакшы клип болгон балдардын омурлору узун болсун!
0
aikol87
2016-03-31 09:04:04
Соонун клип болгон.
0
Aliyawka06
2016-03-31 10:26:38
Мойтойгондор, Акбар м-н Мирбектин балдары Сонун экен
0
Tima07
2016-04-18 02:11:15
Мирбек Иманбековдун уулу чын эле шустырый экен
Ильяз Абдыразаковдун уулу озунун эле копиясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан