ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: Мындан 5 жыл мурун советтик актриса жана эстрада ырчысы Людмила Гурченко 76 жашында каза тапкан

Мындан 5 жыл мурун, 2011-жылы 30-мартта театр жана кино актрисасы, эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти, көптөгөн сыйлыктын ээси Людмила Гурченко жүрөк оорусунан улам 76 жашында каза тапкан.

Людмила Гурченко 1935-жылы 12-ноябрда Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси күндүз мектептердеги ар кандай салтанаттарды, кечкисин завод-фабрикалардагы кечелерди уюштуруп иштешчү. 1943-жылы 23-августта Людмила 1-класска барып, 1944-жылы Бетховен атындагы музыкалык мектепке тапшырат. Он жылдык мектепти аяктаган соң Москвага келип, Сергей Герасимов жана Тамара Макарованын адистик мектебине тапшырган.
Людмила Гурченко 1956-жылы, студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" аттуу музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Кино абдан чоң ийгиликке жетишип, актриса көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Людмила Гурченко убагында жаштардын кумири болгонго жетишкен. Ал музыкалык мектептен билим алгандыктан, ырды өзүнүн кереметине жеткирип ырдаган. 1960-жылдары актриса ар кандай кинолорго тартыла баштаган. "Карнавалдык түн" тасмасынан кийин эле "Гитарачан кыз" тасмасына тартылган. 1960-1970-жылдар аралыгында Людмила Гурченко элге кеңири таанылып, Орусиянын эң алдынкы актрисаларынын бири болгон. Ошону менен токтоп калбастан, дагы башка тасмаларга тартылуусун уланта берген. Актрисага комедиялык мелодрамаларга тартылууга сунуштар көп түшө баштаган. Комедиялардан тышкары телевизиондук бенефистерге жана атайын музыкалык программаларга дайыма катышып турган. Гурченко башкалардан ачык мүнөзү, ички дүйнөсүнүн өзгөчө кенендиги менен айырмаланчу. Актрисанын эң жакшы аткарган иштери деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" ж.б. тасмалардагы образдар эсептелинет.
2011-жылы Гурченко үйүнүн жанынан жыгылып кетип жамбашын сындырып алган. Кийинки күнү ооруканага жеткирилип, операция жасалган. 30-мартта актрисанын абалы оорлоп, операцияны көтөрө албай жүрөк оорусу күч алгандыгын дарыгерлер айтышкан. "Тез жардам" келип, актрисаны жандандыруу бөлүмүнө жеткирүүгө үлгүрбөй калган. 30-мартта Л.Гурченко 76 жашында каза тапкан. Бул тууралуу жолдошу Сергей Сенин билдирген.
Актриса менен коштошуу зыйнаты 2-апрелде Москвадагы Борбордук чыгармачыл адамдардын үйүндө болгон. Анын сөөгү Татьяна Шмыгая, Олег Янковский, Вячеслов Тихонов сыяктуу белгилүү инсандардын жанына коюлган.
30-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tashi62
2016-03-30 19:40:37
Канча жолу турмушка чыккан экен??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан