Бүгүн, 27-мартта эл аралык театр күнүнө карата Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында театралдаштырылган концерттик кече өтөт. Ага өлкөдөгү бардык театрлардан келген артисттер катышып, монолог, ыр, бий, кыска спектакль өңдүү жанрларда өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Маалым болгондой, иш-чарага өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев катышат.