Бүгүн, 30-мартта борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Бир тууганчик" жана "Жарайт City" комедиялык тасмаларынын жаратуучуларынан "ДвижЭние кылыш керек" комедиялык тасмасы жабык форматта көрсөтүлүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү, чакырылган коноктор, шаар тургундары катышууда.
Тасманын режиссёру, продюсери Асхат Табалдиев тасма тууралуу буларга токтолду: "Учурда коомдо "движение кылыш керек, бир нерсе кылыш керек" деп коюп эч бир жумуштун башын баштабагандар, "ушул тренингдерге катышсаңар кыйын болосуңар" деген сыяктуу көрүнүштөр толтура. Бирок эч бир натыйжа жок. Тасма аркылуу "Кантип ийгиликтүү болуш керек? Эптеп движение кылыш керек" деп отура бербей, сөздөн аракетке өтүш керек. Ошондо адамдын максаттары ишке ашат" деген ойду бергибиз келди. Тагыраагы, коомдогу көйгөйлөр юмор аркылуу берилет".