Адам өзүнө ишенип, аракет кылуусу керектигин даңазалаган комедиялык тасмадан фоторепортаж
30-мартта Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында "Бир тууганчик" жана "Жарайт City" долбоорунун жаратуучулары тарабынан тартылган "ДвижЭние кылыш керек" тасмасы жабык форматта элге көрсөтүлдү. Тасмада башкы каарман Кеңеш аттуу агайдын образын жараткан актёр Нурсултан Курсанали уулу буларга токтолду:
- Тасмада "Жарайт city"долбоорунан чыккан агайдын образын жараттым. Бирок андагы агай ак көңүл болсо, бул тасмада бир аз куулугу менен айырмаланат. Ошондой эле тасма аркылуу элдин жалкоолугун, үйдө жатпай "движение" кылса гана ийгилик болорун көрсөттүк,- деп билдирди.
Тасмада башкы каарман Болот окууну бүткөн соң үйлөнөт. Ал кыялданган бактылуу жашоо бат эле акырына чыгып, турмуш чыныгы жүзүн көрсөтөт. Карызга белчесинен баткан, жумуштагы башчысынан күндө жеме уккан Болот бир күнү ийгилик сырлары тууралуу тренинг өткөргөн агайга жолугуп калат. Бирок ишим оңолот деген башкы каармандын жашоосу таптакыр башка нукка бурулат. Сүйгөн жарынан, акча, жумуш, баарынан ажырап калуу коркунучу келип чыгат. Эмне адамды кыйын учурда сактап калышы мүмкүн? Жашоонун сыноолоруна кантип туруштук берүү керек? Ийгиликке жетүүнүн сыры эмнеде? Мунун баарына "ДвижЭние кылыш керек" комедиялык тасмасынан жооп табууга болот.