Белгилүү советтик мультфильмдердин жаратуучусу Юрий Бутырин каза болду

Орусиянын белгилүү мультипликатору Юрий Бутырин 86 жаш курагында кечээ, 30-мартта каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал "Незнайка на Луне", "Малыш и Карлсон", "Трям! Здравствуйте!" сыяктуу анимациялык тасмаларды жарыкка чыгарган. Бутырин 1950-жылдардын акырында "Союзмультфильм" студиясына жумушка орношуп, сүрөтчү-мультипликатор катары "Вовка в Тридевятом царстве", "По следам бременских музыкантов", "Щелкунчик" жана "Ну, погоди!" мультфильминин бир нече серияларын чыгарууга катышкан.

Акыркы жылдары көзүнүн көрүүсү начарлаган Юрий Бутырин 21-мартта 86 жашка толгон. Убактысынын көбүн үй-бүлөсү менен өткөрүп, мультипликация тармагында иштебей калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2016-03-31 13:44:11
Ушул мултиктер менен чонодуйк эле. Кунуго сыналгыны андып олтуруп коруп алчым;). Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
altyn2015
2016-03-31 14:09:39
Кезегинде жакшы мултиктер эле. Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан