Кочкор-Ата шаарынын Октябрь жана Хилинская көчөлөрүнүн кесилишкен жерине уюлдук компаниялардын бири өзүнүн станциясын орнотууда. Буга станция жайгашкан жердеги жашоочулар нааразы. Муну окурман бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Ошол жердеги эл менен кеңешпей эле ишин улантып жатышат. Бул антеннанын айланага зыяны күчтүү. Жердин ээсине ай сайын ири суммада акча берилип турары айтылууда",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.