МЕДИА-ПОРТАЛ: "Коё бер мени, кайгы" ырынын клиби тууралуу Каныкей "андагы образдын жашоомо тиешеси жок" дейт

"Медиа-порталда" кызуу талкууга алынган, көп көрүлгөн клиптердин бири - ырчы Каныкейдин "Коё бер мени, кайгы" ырына тартылган клип. Клип ырчынын чыгармачылыгындагы алгачкы эмгек. Мына ушул ыры аркылуу элге кеӊири таанылган. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:

"Бул клип чыгармачылыктагы алгачкы эмгегим. Тартуу идеясы биринчи продюсериме таандык.
"Жамгыр төккөн талаада,
Жылаңайлак мен чуркадым.
Коё бергин мени, кайгы,
Мен эми башкамын".
Бул ырдын сөзү-обону мага таандык болгондон кийин, албетте, анда жашоомдун кайсы бир көз ирмемдери камтылган. Бирок клиптеги образ менин жашоомдон алынган эмес. Анда абстракттуу көрүнүштү көрсөтүүгө аракет кылганбыз"
.

Каныкейдин "Коё бер мени, кайгы" ырына тартылган клипти толугу менен бул жерден көрсөӊүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhykyo
2016-04-02 15:45:24
Кайран кана Супер инфо газетасын чаптап салган го же башкабы
+3
Yahoo
2016-04-02 16:59:00
Продюссеринин кайгысыны чагылдырганга анда
+3
Aimirakan
2016-04-03 12:15:44
Каныкейдин ырларына озунон башка эч ким тушунбосо керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан