"Тамашоу" Лигасынын жарым финалында "Универсал" биринчи орунду алды. 6 команда финалга өттү (фоторепортаж)

Кечээ, 31-мартта Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын жарым финалы болуп өттү. Анда финалга өтүүгө ат салышкан "Кыргыз двор", "Универсал", "Позитифф", "Ала-Тоо", "Рота", "НКБ", "National", "Brooklyn", "Ассорти" курама командалары өз таланттарын көрсөтүштү.

Алар "Биатлон", "Саламдашуу", "Музыкалык үй тапшырма" сынактары боюнча саясатка, күнүмдүк жашоого, жана башка темаларга байланышкан тамашаларды тартуулашты.

Кечени аталган долбоордун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев алып барды. Ал эми оюнчулардын тапкычтыгын жана тамашакөйлүгүн “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, ырчылар Омар, Аскат Мусабеков, Урмат Усенов, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, режиссёр Рысбек Жабиров баалады.

Калыстар тобу 1-орунду "Универсал" командасына берди. Ал эми финалга жалпы 6 команда: "Рота", "Brooklyn", "Ассорти", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Универсал" курама командалары өтүштү.

Кеченин соңунда футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов: "Тамашоу" менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калат деп ойлогон эмесмин. Бүгүнкү оюнчуларды, кыргызча сүйлөгөн Дмитрийди көрүп, сыймыктануу сезими пайда болду. Тажикстан менен болгон оюнда тажик журналисттери "силердин командада көбү башка улуттагылар" деп теңсинбей жатышты. Кыргыз жеринде кайсы улуттун өкүлдөрү жашабасын, баарыбыз бир үй-бүлөбүз, кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшү үчүн салым кошобуз",- деп оюнчуга "Тамашоудо" кыргызча сүйлөп оюн аткаргандыгын баалап өзүнүн футболкасын белекке берди.

Командалар көбүнчө чек ара, учурдагы саясат, улуттук кураманын жетишкендиктери, турмуштагы көйгөйлөр тууралуу оригиналдуу тамашаларды айтып жатышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
beben
2016-04-01 07:49:54
Эрмек Нурбаев азаматсыз.
+3
fanatkg
2016-04-01 08:04:35
Тамашалардын сапаты тушуп кеттиптир...
+5
jemile
2016-04-01 08:49:11
Тамашаларынан кыстыра кетпепсиздер да..
0
nursultan67
2016-04-01 10:40:31
Маскара маскара болуп еле чыгышыптырда жакпадыыы
0
admiral
2016-04-01 13:18:03
Видеосун качан чыгат экен
0
B.city
2016-04-01 14:31:24
Baimatov mn Nurbaev futboldon kiin ele tamashownu bashtaptyr da krasavchikter!!!
0
syd.adilet
2016-04-01 14:49:02
Универсал камандсы ийгилик силерге .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан