30-мартта М.Ауэзов атындагы Алматы академиялык театрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан барган кыргыздын 300дөн ашык маданият ишмерлеринин концерти орун алды. Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду.
Уюштуруучулар кабарлашкандай, иш-чарага Алматы шаарынын мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Казакстандын маданият ишмерлери, коомдук ишмерлер жана бул шаарда жашаган кыргыздар күбө болушту.
Концерттик программанын алкагында сүрөтчүлүк өнөрдүн тарыхы жана кыргыз элинин маданияты көрсөтүлдү.