МЕДИА-ПОРТАЛ: Ырчы Алмаз Шаадаев "Жанымай" ырына тартылган клипте күзгү бийик болуп калып, кыштын үстүнө чыгып ырдаганын айтты

Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жаш ырчылардын бири Алмаз Шаадаевдин "Жанымай" ыры менен көпчүлүк жаштар "ооруп" калган эле. Ал эми бул ырга тартылган клип да ырчыга бир топ атактуулук алып келген. Клипти тартуудагы кызыктар тууралуу ырчы буларга токтолду:

"Клип 2011-жылы февралда тартылган. Режиссёру – Сүйүн Откеев. Жаңы чыгып жаткан кезим болгондуктан, клипти тартуудагы максатыбыз мени таанытуу болгон. Андыктан клипте өзгөчө сюжет деле жок, көбүнчө менин образыма басып жасалган. Тартуу учурундагы кызык деп күзгүнү карап ырдаган жерди айта алам, себеби күзгү боюмдан бийик болуп, кыштын үстүнө чыгып алып ырдагам. Алгачкы эмгегимди жарыкка чыгарууда толкундоолор болгон. Күчтүү каалоо болсо, баары табылат дегендей, клип тартууда досторум, жакын санаалаштарым колунан келген жардамын беришип, аябай көмөк көрсөтүшкөн".

Алмаз Шаадаевдин "Жанымай" ырына тартылган клипти бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
azamat_star74798
2016-04-05 12:32:48
Ой ушул эле калдыле.... Бул эмне жаны чыктывы? Мурда жакшеле, уну болгондор, жок дегенде келбетине карап ырчы болушчеле... Азыр баары бир болуп калган сынары))))
-1
Chyngyz_kg
2016-04-05 13:09:55
azamat_star74798, жашынакай эле болуп турат го. Бул баланын чыкканына 2 жылдан ашты. Жакшы эле ырдап журот билишимче.
0
Compact
2016-04-05 13:12:53
azamat_star74798, http://www.super.kg/media/video/148209/ ушуну корсонуз ))
0
Compact
2016-04-05 13:11:08
Оо, Алмаз жок болуп кеттин го. Иште. Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан