ЭЛДИК КАБАР: Санкт-Петербургда иштеген кыргыз жараны Жакыпбек уулу Азамат 5 күндөн бери дайынсыз болууда

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеген мекендешибиз Жакыпбек уулу Азамат 5 күндөн бери дайынсыз болууда. Муну окурман бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Келинчеги менен кичинекей баласы ыйлап издеп жүрүшөт. Көргөн-билгендер болсо маалымат берүүнү өтүнөбүз. Бул жактагы тааныштары да түп көтөрүлө издеп таппай жатышат. Азамат Ош облусуна караштуу Керме-Тоо айылынын тургуну",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Magusi
2016-04-02 20:00:04
Аман соо табылсын.Кудайым жамандыктан сактасын
+2
Siren90
2016-04-02 20:21:20
Кудай сактап аман-эсен эле болсо экен, аялы, балдарына кыйын болуптур журогум ооруп кетти.
+3
erikkarakulja
2016-04-02 22:36:31
Табылып калсын эсен Аман . Биздин окмотун жакшы иштешкенинин акыбети да ушинтип талаалап журобуз. Алла озу колдоп табылып калсын.
0
samidinova84
2016-04-02 22:50:07
Табылып касын аман-эсен,жакындарынын бешенесине.Чон шаарларда кеч эшике чыкбай эле койсонор,балекет кайдан келишин ким билет.
0
chalmagrad
2016-04-02 23:11:33
Бироонун жеринде этият болуш керек !
+1
bibi87
2016-04-03 03:33:07
Аман эсен табылып калсын уйбулосунун бактысына бар болсун!!!!!!
0
zhumagul89
2016-04-03 06:58:38
Кудайым озу сактасын жамандыктан.
0
secretik
2016-04-03 07:21:15
Менин да акем болот эсен аман кайтып келсин оо аллахым озун сактай кор .уже 8 кун болду кабар жок .Толук аты жону Жакыпбек уулу Азамат Акимтегин 1991ж ошол куну ушул кийимде болгон.
+1
aikokul14
2016-04-03 07:58:56
Ээ,Кудаааай,табылып калсын эми аябай кыжаалат болуп жатам,тааныбасам да....
0
raiana53
2016-04-03 10:37:00
Аллахым жардам берсин,аялына сабырдуулук тилейм,кандай болгон кундо да катуу кайгырбаныс баардык нерсе Алланын каалосу менен болот
0
adiko11
2016-04-03 10:50:36
Ооо кудай табылып калсын жаратканым жардам берсин ботон элде баардык кыргыз элими кудай сактасын
0
Batu12
2016-04-03 14:42:23
Кудай колдоп табылып калсын...
+1
freedom11
2016-04-03 22:42:26
Азаматтан кабар барбы туугандар
0
admin_portal
2016-04-04 17:46:33
MuslimNur95, Kgz87, gulbadam91, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрду жазуудан алыс болуңуз!
MuslimNur95, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
Lunatena
2017-01-02 00:02:07
Супер инфо, айтып койгулачы табылдыбы бул бала?
0
admin_portal
2017-01-03 12:01:23
Lunatena, суроо тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан