Казакстанда артисттердин жарым жылаңач сахнага чыгуусуна каршы болуп Маданият жана спорт министрлигине кат жолдогондордун саны 4 миңге жеткен

Казакстандын Маданият жана спорт министрлигине маданият өкүлдөрүнүн сахна кийимин көзөмөлдөө боюнча 4 миңден ашык кайрылуу түшкөн. Министр баш болгон министрликтин кызматкерлери кеңешип, бул сунушту жөндүү деп табышкан.

Казакстандык басылмалар кабарлашкандай, учурда артисттердин сахнага кыска кийим кийип чыгуусун чектөө боюнча сунуш парламентке жиберилди. "Эл кийинки муунду тарбиялоодо сахна адамдарынын ролун эске алып, ушул нерсени сунуштап жатат. Эми артисттер сахнага тизеден өйдө келген юбка жана боорун жапкан көйнөк кийип калышы мүмкүн",- деп жазылат маалыматта.

Бул боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алына элек, бирок артисттер жана эл бул теманы кызуу талкуулап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Dadasdasd
2016-04-04 09:00:13
Менда колдойм. Кыргыз олкосундо до болсун. Сулуулар сынагында айрыкча.
+19
alhamdulillah
2016-04-04 09:01:30
Биздедачектоо киргиссе жакшы болмок
+10
aikokul14
2016-04-04 09:02:54
Эн туура,бизге дагы ушуну киргизиш керек,сахнаны,элди сыйлаш керек,кыздар бир карыш юбка кийип чыгып алышат,балдар болсо майкачан ушул кантип болсун.Илгери узун койнок менен эле белгилуу болушкан,кыска юбка менен таанылам дейби тушунбойсун,кокурогу бир секирсе ыргып чыгайын деген кийимдерге да тыйуу салыш керек,мисалы менин конулум айныйт,чон кокурок корсом.
+7
udacha.kg
2016-04-04 09:11:06
Келгиле биз да кат жолдойлу ушул маселе боюнча министрликке жана тиешелуу жерлерге. Бул жерден жазганыбыз менен майнап жок. Казактардай жокпузбу?
+3
altyn2015
2016-04-04 09:15:31
Мен да колдойм, бул сунушунарды.
+4
ekaterinburg
2016-04-04 09:23:29
Эки кол,эки бут менен колдойм!
+3
EdikoKG
2016-04-04 09:42:39
Бул нерсени эл озу киришип,кол топтоп маданят министирлигине отунуч менен кайрылсак болот. Колдон келе турган нерсе. Антпесек баары европаны туурай башташты. Казактар азамат!
+2
Alixan-Nookat.2015
2016-04-04 10:08:45
Туура чечим жакшы идея экен биздеда болсо жакшы болмок ушундайга тыюу салган, айрыкча сулуулар конкурсунда жыланач чыкканды токтотуш керек ата-энеси сыймыктанат окшойт жыланач чыкса сахнага.
+2
secretik
2016-04-04 10:15:49
Туура биздин артисттерге да киргизилиши керек . Озбектерде да бар мындай чектоо. Лола бир сынакта кыска кокурогу ачык кийип чыгып эскертуу алган маданият министиринен тушунук кат жазып.
+1
kama_future_millioner
2016-04-04 10:32:16
Мен да колдойм бизде да ушундай мыйзам кабыл алынып,ишке ашып ырчы чорчуларыбыз маданияттуу кийинип элге улгуу болсо дейм
+1
warsaw.
2016-04-04 10:55:49
Европаны туурайм деп казак,кыргыз уят болот го...
+1
Rifle_3
2016-04-04 14:20:27
Жаңы жыл кечесинде түнкү көпөлөктөргө окшоп чыккандар да болду.
Анан фонограмма менен ырдагандарга да бир чара колдонуш керек. Музыка тв каналында чыккандарга таң калам. Сахнага чыгып ырдап жатат, же микрофону жок, же бир азыр булчуңдарын кыймылдатып койбойт чын ырдагандай кылып. Же белги болуш керек, фонограмма деп жазылган.
+2
Moskva.kg
2016-04-04 14:57:09
Азыркы ырчыларга маани бербей калдым анткени баардыгы фонограмма менен ырдашат анан да окундургону жандуу ырдай алышбайт ун(голос)деген жок
+2
chonkurulush
2016-04-04 16:29:54
Бул нерсе ар бир адамдын озунон аларды бироо жарым жыланач кылып кийинтип чыгарып койбойт мусулманбыз акыреттин ойлонуш керек
+1
begai93
2016-04-04 19:45:22
Туура! Бул биз Мусулман элдерине туура келбеген нерсе! Бизден кийинки муундар жакшы жагынан улгу алыш керек да. Колдош керек и все!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан