МЕДИА-ПОРТАЛ: "Махабатты барктайлы" деген ырга клип тартарда түнү менен көйнөк тиккем, эртең менен башкы каарман клипке тартылбай турганын айтты" дейт Айпери Сыдыкова

"Медиа-порталда" кызыгуу жараткан клиптердин бири - Айпери Сыдыкованын "Махабатты барктайлы" ырына тартылган клиби.

Клипти тартуудагы кызыктар тууралуу ырчы буларга токтолду:

"Клипти тартууда кандай түстөгү көйнөк кием, формасы кандай болот, мунун баары баштан-аяк клипмейкер Павел Курганскийдин айткан талаптары менен тартылган. Ал тапкан жайга ылайык кызыл түстөгү, узун көйнөктү базардан табууга мүмкүн болбогондуктан, өзүм колго тигип чыккам. Балам кичинекей болуп, күндүз тиктирбейт. Ошондуктан түнү менен көйнөк тигип, эртең менен сулуулук салонуна барып, анан клип тартканбыз.
Каарман кыздар кастинг аркылуу тандалып алынган. Башкы каармандын образын жаратчу жигит эртең клип тартылат деген күнү тартыла албасын айтып чыккан. Интернеттен кимди тапсак болот деп издеп жатып, акыры өзүмдүн аяшыма токтолдук. Ал макул болуп, жакшы ойноп берген. Ошентип, клип 2 күндө тартылган"
.

Айпери Сыдыкованын "Махабатты барктайлы" клибин толугу менен бул жерден көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
hihikayu
2016-04-04 18:12:02
Колдо тигилчуу койнок эмеско...
+2
Palan4a
2016-04-04 19:58:34
hihikayu,Негизи озу тикетко койнокторун. Бир интервьюсунда айткан "барибир бир кийип чыгасын, колго тиксен арзан тушот" деп.
+2
anykids
2016-04-04 19:42:20
Жагат мага клип дагы,ыр дагы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан