КИНОЗАЛ: "Беш миң сом" тасмасынан кийин "Геловой шарик" деген атка кондум" дейт Съездбек Искеналиев

"Кинозал" бөлүмүндөгү лирикалык комедиялардын бири - "Беш миң сом" тасмасы. Тасма 2014-жылы тартылган, режиссёру - Эрнест Абдыжапаров. Анда Максат Тасмаев, Асел Турдалиева, Нурзат Токтосунова, Съездбек Искеналиев, Кубан Алимов сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Тасманын продюсери, ошондой эле тасмада роль жараткан Съездбек Искеналиев тасма тууралуу буларга токтолду:
"Кайсы тасмага тартылбайын, кийин мени ошол тасмадагы ысымдар менен атап башташат. "Боз салкын" тасмасынан кийин Мурат, "Аманат" тасмасынан кийин Аманат, эми мына "Беш миң сом" тасмасынан кийин "Геловой (гелиевый) шарик" деген атка кондум. Алгач кинотеатрдан тасманы көргөн жакын тааныштарым, досторум эле ушинтип аташчу. Тасма элге кеңири көрсөтүлгөндөн кийин көпчүлүк азыр "Геловой шарик" качан бересиң?" деп тамашалай беришет".
Тасмадагы окуя шарик сатуу менен алектенген Кайрат деген соодагердин айылга келиши менен башталат. Чырмалышкан кызыктуу, күлкүлүү окуялар тасманын негизги өзөгүн түзөт.

"Беш миң сом" тасмасын толугу менен бул жерден көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos777
2016-04-06 12:56:31
Ушул такыр жакпайт! Бирок Кыргызда азыр ушундай эптемей,кесипсиз,онорсуздор. Калп акча аркылуу аран бирдеме жасап. Эл аралап, онорлуу катары.Озун Эсептеп жургондордун баш сабындаа...........
+2
Aidai5555
2016-04-06 13:16:38
С.Искеналиев аябай аракетчил, бирок мен да анын чыгармачылыгын жактыра бербейм, негедир...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан