Лейлек районунун Даркум айылында карышкыр күч алып жатат. Муну окурман бүгүн, 4-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
Анын айтымында, айылдын ичинде жүрүү тургундарга коркунучтуу болуп жатат. "Өкмөт чара көрсө жакшы болмок. Карышкыр тиштеп кеткен жандыктардын тарпын ит-мышыктарыбыз тиштеп, оору жугузуп келеби деген коркунуч бар",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.