Кытайлык фотограф Чэн Жифендин кытайлык кыргыздардын тарыхын, маданиятын камтыган фотоальбому жарыкка чыкты

Кытайлык фотограф Чэн Жифен “Eagle clan\Шумкар теги” деген аталыштагы фотоальбомдун бет ачарын өткөрдү. Ак-кара түстөгү сүрөттөрдөн турган альбомдо кытайлык кыргыздардын жашоо-турмушу чагылдырылган.

Фотограф Тарых жана маданият жылын даярдоо жана уюштуруу боюнча дирекциянын башчысы Султан Раевди Кытайдан жолуктуруп, аны сүрөттөрү менен тааныштырды.

"Бул сүрөттөрдү тартуу үчүн Чэн Жифен көп аралыктарды басып өтүп, бир нече жылын короткон. Учурда кыргыз жеринде анын сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу пландалууда",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2016-04-04 14:20:17
Уркундо кеткен Кыргыздар...Каныбыз бир баары бир.
+3
birekiuchtort
2016-04-04 15:21:54
Аталышын жакшы коюптур "шумкар теги"
0
argen.kg4
2016-04-04 15:29:01
Boordoshtordy korup jurogum zyrp etti.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан